Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 5-мартта сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу сот кызматкерлери!
Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан кесиптик майрамыңыздар – Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Сот кызматкерлерине татаал жана жооптуу милдет – өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүгүн орнотуу аркылуу сот акыйкаттыгын жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн. Улуттук сот тутумун реформалоону аягына чыгаруу милдети турат. Адилеттикти туу туткан, Кудайдан корккон сот кызматкерлери менен бирге калыс сот системин, акыйкат коомду курабыз. Таза сот тутуму – өнүккөн мамлекеттин негиздеринин бири.
Урматтуу сот кызматкерлери, сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Кыргыз мамлекетинин дүркүрөп өсүшү үчүн кызмат өтөй бериңиздер!"