Кыргыз жеринде февралда айлык акыга бюджеттен 1 миллиард 729 миллион сом жумшалды

2015-жылдын февраль айында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 6 миллиард 632 миллион 136 миң сомду түздү. Бул тууралуу 5-мартта Каржы министрлигинен билдиришти. Мунун ичинен эмгек акыга 1 миллиард 729 миллион 623 миң сом жумшалды.

"Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 1 миллиард 400 миллион 761 миң сом, "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 511 миллион 306 миң сом, "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча 145 миллион 81 миң сом каржыланганы айтылды.
"Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды",- деп билдирет министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан