Бишкектеги бир катар кафе, самсакана, тез тамактануучу жайлардын ишине тыюу салынды

Бишкектеги бир катар кафе, самсакана, тез тамактануучу жайлардын ишине тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, текшерүү 26-февралдан бери жүрүп келет. Бул убакыт аралыгында 150гө жакын тамактануучу жай текшерилген. Анын негизинде айрым кафе, самсакана жана тез тамактануучу жайлардын абалы ветеринардык жана санитардык нормаларга жооп бербегендиктен, ишине тыюу салынган. Ошондой эле Рахат Садырбекова азырынча эшек этинен тамак жасоо фактысы каттала электигин айтты.

Айта кетсек, буга чейин Ак-Жол айылынан союлган эшектердин эттери табылган. Айрымдар анын шаардагы эт сатуучу жана тамактануучу жайларга таратыларын айтышкан. Мындан улам бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Бишкек жана Чүй облусунун аймагындагы эт сатуучу, тамактануучу жайларды текшерүүгө ала баштаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
pokupkalo
2015-03-05 15:20:02
кайсы кафелер жабылганын ачык айтса болмок.ЖАНЫБАЙДЫН ЖАНЫ САМСАсы кафеси болсо 100%адал уй этинен деп эми туштон кийин актанып жатышат.эшектин этин элге жегизип бутуп.эми силер алтын кошуп туйуп берсенер да эл жебейт.ууру тойгончо жеп олгончо карганат болуп жатышат.
+2
Bektur2
2015-03-05 15:30:08
Жакшылап текшерип жатасынарбы же алдын ала сага баратабыз деп тазалатып туруп барып жатасынарбы интернет булактарына да бербей туруп басып калыш керек болчу эми кайдан тпмак эленер
+4
Nurlankg92
2015-03-05 15:48:44
Кайсы кафе кайсы самса кана жабылды Ким билет,самса кафе каналар жаабылбай еле,силердин оозунарды жаапты окшойт..
+5
Мэри
2015-03-05 21:01:33
Эң жакшысы көчөдөн (кафе ж.б.) тамактанбай эле коюу керек, тамактанган күндө да шек жара турган, эт кошулган, салат жалбырагы, чөп-чар кошулган, күрүчтөн даярдалган (анткени буларда курт болот) тамактардан баш тартуу оң. Ошондо тамак даярдап жаткандар да, касапчылар да ойлонот болуш керек деп үмүттөнөм.
0
skanya87
2015-03-06 00:50:21
Ой туштон кийин текшеришип элдин баары билип кафе бистро иштеткендер эшектин этин сатып,катып,ыргытып баарын туготуп тазалап койгондон кийин каттала элек дейт да булар...эшектин этин давно жасап сатып жиберишти да азыр сыйпаласанар да таппайсынар...
+1
erikkarakulja
2015-03-06 02:35:38
Оо эшек болбосо текшербейт эленер. Точно эшек этин шаардык кафелерге таркаткан экенда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан