Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусуна байланыштуу учурда колдонуудагы техникалык регламенттердин күчүн жоготту" деп табуу жөнүндө" мыйзам долбоорун 3-окууда колдоду.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын аталган биримдикке кошулуусу менен "Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Орусия Федерациясында техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга" ылайык, Бажы биримдигинин техникалык регламенттери түз аракетке ээ болот.
Документ эми президенттин кол коюусуна жиберилет.