Аялдарды жана өспүрүмдөрдү мунапыс аркылуу абактан бошотуу демилгесин депутаттар 1-окууда жактырышты
Бүгүн, 5-мартта парламент аялдарды жана өспүрүмдөрдү мунапыс аркылуу абактан бошотуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Айта кетсек, долбоор менен өтө оор кылмыш кылбаган 901 адамды (827си аял, 74ү жашы жете элек жарандар) абактан бошотуу пландалууда. Алгачкы жолу кылмыш жасаган, аларга 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалган адамдарга карата мунапыс колдонуу зарылдыгын көрүп жатабыз. Мындан тышкары бир же андан ашык жаш балдары бар аялдарга же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган балдарга, ошондой эле көп балалуу энелерге жана башка ушул сыяктуу категориядагы жарандарга мунапыс колдонуу каралат.