Куттуктоодо булар айтылды:
"Урматтуу асылзат айымдар!
Ардактуу кесиптештер, аппарат кызматкерлери!
Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан жаз менен жарыша келип, жарык маанай тартуулаган Эл аралык аялдар күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Аялзаты биз үчүн ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болуп келген, боло берет! Аялзат – биз үчүн мээрман эне, асылкеч жар, жароокер кыз. Аялзаты – коомдогу зор күч. Азыр аялдар мамлекеттик бийликтин бардык бутактарында, анын ичинде кыргыз парламентинде жигердүү иштеп жатат. Айрыкча аял депутаттарыбыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасын бекемдөө, өлкөдө парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатында өздөрүнүн бараандуу салымын кошуп келишет. Ал үчүн ар дайым ыраазыбыз.
Кыргыз парламентинин ишин чагылдырып жаткан айым журналисттерди да жаз майрамы менен куттуктай кетким келет. Мындан ары да Жогорку Кеңеш менен коомчулуктун өз ара байланышын чыңдап, элибизге калыс, так маалымат жеткире берүүңүздөргө тилектешмин.
Ардактуу айымдар, сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалаймын. Жараткан жалгап, ак эмгегиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр! Эгемен кыргыз мамлекетинин, кыргыз парламентинин өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошо бериңиздер!
Майрамыңыздар менен! Бар бололу, бир бололу!"