Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2014-жылы мекемелерди ижарага берүүдөн бюджетке 62 миллион сом киреше төккөнү айтылды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2014-жылы мамлекеттик мекемелерди ижарага берүүдөн республикалык бюджетке 62 миллион сом киреше төктү. Бул тууралуу 5-мартта аталган мекемеден билдиришти. Былтыр мамлекеттик объекттерди ижарага берүү боюнча фонд менен 2354 макулдашуу түзүлгөнү айтылды. 
2015-жылдын март айына карата мекемелерди ижарага берүү боюнча 593 келишим түзүлүп, мекеменин эсебине 8 миллион сом түштү. 
2015-жылкы планды ишке ашыруунун негизинде фонд имараттарды ижарага берүүдөн түшчү кирешени көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан