Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн 2015-жылдын февраль айына милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражатынан 124 миллион 900 миң сом жумшалды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Мунун ичинен Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын алкагында дары-дармек менен камсыздандырууга 9 миллион 400 миң сом бөлүндү.