Чүй облусунда эки жаран өз ыктыярлары менен курал-жарактарды милицияга тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-мартта милицияга 22 жаштагы жаран 28-калибрдеги куралды Кемин райондук милициясына тапшырган. Ал эми 59 жаштагы жаран Аламүдүн райондук милициясына 12-калибрдеги мергенчилик кылуучу куралды өткөрүп берди.