Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ 2015-жылдын 5-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, 1992-жылдын 6-мартында кабыл алынган "Майрам күндөрү жөнүндө" КРнын мыйзамы, 1992-жылдын 3-июлунда кабыл алынган "КРнын Сот түзүлүшү жөнүндө" КРнын мыйзамы, 1993-жылдын 7-майында кабыл алынган "КРнын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы жана башка бир катар мыйзамдар күчүн жоготту деп эсептелет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.