Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-мартта милицияга арыз менен 24 жаштагы Талас облусунун тургуну кайрылган. Анда ал "Ош базарынан" белгисиз жарандар күч колдонуу менен анын 10 миң сомун алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө жүрүүдө.