Орусиядагы Тверь райондор аралык прокуратурасы "банктан 1 миллион рубль уурдады" деп айыпталган 35 жаштагы кыргыз айымынын ишин сотко жөнөттү. Бул тууралуу 6-мартта Москва шаардык прокуратурасынын расмий сайты жарыялады.
Маалыматка караганда, Орусиядагы ири банктардын биринде пол жуугуч болуп иштеп жаткан Миргүл Т. аттуу айыпталуучу 2015-жылдын 29-январында банктын кассасын тазалап жатып 1 миллион рубль суммасындагы акча салынган баштыкты таап алган. Ал шыпыргы менен баштыкты жаап, кайра таштанды салуучу урнага салып банктан акчаны алып чыгып кеткен. Бир нече күн бою Кыргыз Республикасына акча которуу менен алектенип жүргөн.
Банктын кызматкерлери видеокамерага жазылгандарды изилдешкенден кийин 2-февралда кылмышка шектүү катары пол жуугуч айым камакка алынган. Бул арада ал жумушка келип жүргөнү белгилүү болгон. Кыргыз айымдын жашаган жерин тинтүүгө алышканда акча которуулар тууралуу кагаздар жана калган 580 миң рубль табылган.