“Кой уурдадың” деп Талас районунун тургунун кыйноого алышкан милиция кызматкерлеринин иши сотто каралууда

“Кой уурдадың” деп Талас районунун тургуну Автандил Тынышовду кыйноого алышкан милиция кызматкерлеринин иши сотто каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта жабырлануучу өзү SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, окуя 2014-жылдын 23-майында болгон. Анда 5-6 милиция кызматкери үйүнө келип, “11 кой жоголду, сенин корооңдон көргөндөр бар экен” деп алып кетишкен.

Катталган уурулук фактысын менин моюнума алдырыш үчүн бир канча саат кыйноого алышты. Анын кесепетинен эртеси эле ооруканага жатып калдым. Ал эми жоголду делген койлор башка бирөөнүн короосунан табылды. Кыйноо боюнча прокуратурага кайрылганбыз, алар кылмыш ишин козгоп, ишти Талас райондук сотуна өткөрүп беришкен. Учурда кылмыш иши сотто каралууда”,- деди Автандил Тынышов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
edu.kg
2015-03-09 14:43:42
Кыйноого алып убактыларын алгычан жакшылап карашса болбойбу? Элдин ишеними кеткени чын озу ушу милиция кызматкерлерине.
0
Bektur2
2015-03-10 09:46:31
Бизде жакшылап иликтебей туруп ур токмоко алып моюнга алдырыштын айласын корушот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан