Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө 8-март күнү Ауди-А-6 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге барган Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин жана жабыркаган адамды автоунаанын ичинен чыгарып беришкен. Каза болгон адам милиция кызматкерлерине, жабыркаган адам "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.