Жалал-Абад облусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 7-март күнү саат 19:10 чамасында Сузак районунун Камыш-Башы айылында катталган. Анда Дэу Нексиа унаасынын айдоочусу каршы тарапта келе жаткан экскаваторду сүзүп алган. Анын кесепетинен айдоочу жабыркап, ооруканага жетпей каза тапкан.