Алай районундагы Ош-Гүлчө унаа жолунда эки автоунаа кагылышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Алай районунун Жаңы-Алай айылынын тургуну Мадина Жолдошева кырсык болгон жерден көз жумган. Бул тууралуу 9-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынан жаракат алган Жаңы-Алай айылынын тургундары Орозгүл Жумаева менен Мунара Бегишева ооруканага жеткирилген.
Ал эми Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу, 1961-жылы туулган Семетей Маматов жана Портер унаасынын айдоочусу Алмаз Аканов эч кандай жаракат алган эмес.