Бишкекте тоноочулукка шектелген 3 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-март күнү милиция кызматкерлерине 1994-жылы туулган Индиянын жараны кайрылган. Анда ал Турусбеков көчөсүндө белгисиз үч адам күч колдонуп акчасын тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1995, 1996, 1997-жылдары туулган балдар кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.