Ак-Жол айылында союлган эшек эттери саналып бүтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Садырбекова билдирди.
Анын айтымында, эшек эттери муздаткычта тоңдурулган. Мындан улам эттер бири-бирине жабышып, сыртка алып чыгып саноого кыйынчылык жаралган.
«Тоңуп калган эттерди жумшартыш үчүн электр энергиясы өчүрүлгөн. Бүгүн саноо иштери уланат» деди Садырбекова.
Айта кетсек, буга чейин Ак-Жол айылында эшек бизнеси менен алектенген “Кайтал” ишканасы жалпысынан 605 эшек союлуп, алардын эттери муздаткычта сакталып турганын билдиришкен эле. Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция саноо иштерин 6-мартта баштаган.