Бишкек шаарында "күйөөсүн бычактаган" деп шектелген айым кармалды

Бишкек шаарында күйөөсүн бычактаган айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя 8-март күнү болгон. Анда милицияга арыз менен шаардын 30 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, майрамдык дасторкондо кызуу абалда отурган жеңеси анын агасын жүрөк тушка бычак менен сайган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жабырлануучунун аялы кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhykyo
2015-03-10 14:05:09
Туй ата бул эмне деген шумдук
+1
Bektur2
2015-03-10 14:33:00
Майрамдаган жене сайрандаган аганы тындым кылган экен кайда бара жатабыз кыргыздар тыйылсанар боло же бийлик катуу чара колдонбос болду
0
nurik2103
2015-03-10 16:10:17
Откондо куйосу аялын олтуруп койду еле, ошону угуп алып мени да куйом олтуруп койо електе мен биринчи олтуройун деген окшойт
0
Boldukan86
2015-03-10 18:32:41
эл бийликтен коркпойт бийлик мыйзамдан коркпойт мыйзам элден коркпойт. Баш аламан корочи
+1
uulay
2015-03-10 20:31:23
Тообо кылуудан башка айла жок. Кудайым баарыбызга ыйман берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан