Кызыл-Кыя шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Кызыл-Кыя шаарында жашы 30-35 чамасындагы жаран такси жалдап жолго чыккан. Бирок ал жолдо таксистти сабап, колу-бутун таңып, ата-энесинен 100 миң сом талап кылган. Бир канча убакыттан кийин таксист араң качып чыгып, элден жардам сураган. Ошол учурда кылмышкер унааны айдап изин жашырып кеткен. Бул боюнча издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Э.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.