Баткен облусунда 66 килограмм баңгизатты Орусияга жөнөтүүгө аракет кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун аймагында Хундай Портер унаасы токтотулган. Анын ичинде 1979-жылы туулган Ш.У.М. жана 1984-жылы туулган Х.З.А. болгон. Унааны кароо учурунда 66 килограмм баңгизат (чарс) алынган. Кармалгандар аны Орусияга жөнөтүү аракетин көрүп жатышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.