Чүй. Шопоков шаарчасында 2 кабаттуу үйдүн чатыры толугу менен күйүп кетти

Бүгүн эртең менен саат 07:50дө Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарчасынын Ленин көчөсүндөгү №19-эки кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгынан үйдүн 2-кабаты толугу менен жана чатыры күйгөн. Үйдүн 1-кабатында эки дүкөн орун алган. Үй болжол менен 1969-жылы салынган.

Өрттү өчүрүүгө Сокулук районунун Өрткө каршы кызматынан 2, Бишкектен 2 жана Москва районунан 1 өрт өчүрүүчү машина тартылды. Жабыр тарткандар жана каза болгондор катталган жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kuba_02
2015-03-11 00:26:36
Айтсам ишенесинерби жокпу озунор чечкиле,адамдардын омурун менин бир айлык кызым сактап калды десем жанылышпайм.Саат 7де кызым катуу ыйлаганынан апасы экообуз ойгондук карасак уйду тутун каптай баштаптыр дароо эле кошуналарды кыйкырып эшиктерин ургулап отуруп ойготтук ошондо эле чатыр куйуп баштаптыр
+1
turdumamatova
2015-03-11 11:34:56
kuba_02, ылайым омуру узун болсун наристениздин эл учун кызмат кылган кыргызымдын кыздарынан болсун
0
kuba_02
2015-03-11 14:19:18
turdumamatova, рахмаат чоон.
0
kuba_02
2015-03-11 00:31:43
Ал убакта ровно 7:17де орт очуруу кызматына келинчегим чалып чакырды келгиче 20муноттой убакыт отту мен болсо кошуналар деп журо бериппмин бир маалда келинчегим кыйкырды ууланып баштадык бизди чыгар деп дароо больницага бардык кызым Наиманы алып уулубуз Улан беш жашта ал анча ууланбаптыр дагы жакшы.
+1
kuba_02
2015-03-11 00:38:58
Жаш балдар отделениясына бардык ууланып келди кызым бир айлык десек бир врач токтоп тургула заведующийге чалайын билейин направлениянар жок болсо деп кашайтты корсо озу билбейт экен мындай учурда эмне кылышты 20мунот кислородко дем алдыргыла деп заведующийи телефон аркылуу айтты анан барып медсестра кабыл алды элди аман алып калган ушу кызым болсо,дем алдырып туугандардын уйуно алып кеттим кызымды.
+1
kuba_02
2015-03-11 00:43:12
Дагы бир озгочо баары куйуп жатты ичибиз документтерге ачышып жаткан эле куткаруучулар бир эле чемоданынар калыптыр деп айнектен ыргытты сырты куйуптур ачсак документтерибиз куйбоптур андан тышкары кооптогон куран китептерибиз бар эле бири куйбоптур.
+1
uulay
2015-03-11 09:26:11
Бала периште да. Жакшы дагы эч ким жабыркабаптыр. Баш аман болсо баары табылат.
+2
milashka9313
2015-03-16 01:27:09
Не себептен куйду анык болдубу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан