Аида Салянованын жолдошуна козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карайт.

Айта кетсек, Бакыт Абдыкапаровго УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн алдоо жолу менен 50 миң доллар алышкандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Кылмыш ишине башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун катыштыгы бар экендиги аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Bakulya79
2015-03-10 20:51:22
Бири-биринерди чукушуп олуп кеткиле.
0
samsung_1840
2015-03-10 21:23:07
Аялынын топтогон акчасы менен суудан кургак чыгат карга карганын козун чукубайт дечу беле....
0
zhykyo
2015-03-10 22:05:11
Аида Салянова жакшы иштеп жаткандай болгон жолдошу жайлаптырда
+2
312-banda
2015-03-10 23:56:06
Бутукевти. Ушу чыгарган
+1
Siuz
2015-03-11 00:09:07
Аялынын ушунча кылган эмгегин, эл сыйлаган кадыр-баркын чачып, бул киши абдан жаман иш кылды. Эми колу менен жазаганды,мойну менен тартсын!
-1
nurik2103
2015-03-11 00:25:34
Бирин кайын, бирин тал,
Бирин олуп бирин кал
+1
bema_bema
2015-03-11 00:30:20
Ашанын жаны играсы,Аиданы элге жакшы корсотуш керек)))
+1
nurik2103
2015-03-11 07:06:56
bema_bema, тупп туура
0
bakyt_2015
2015-03-11 00:33:36
Бул киши Саляновага татыктуу эмес экен. Аялынын кандай иш алып барып жатканын коруп туруп, канча акчанын кулу болсо да напсисин тыйып койушу керек эле.Эркек башы менен эл сыйлаган аялын жер каратып койду.Жолун болсун курган киши.
+1
Bexa9595
2015-03-11 00:48:02
Карап туруп тан калам кееде, окурмандарга, кантип тушунушпойт бул политика экенин... Аида айым бул жерде жон кана печка (кукула) болчу, оюндан чыгып кеткен учун прям ага кылмыш ишин козгосо болбой калат, Аида айымды кысыш учун улуу урматтуу АШАБЫЗДЫН болбосо да жанындагы кучукторунун тузгон сенарийи, ушуну тушунбой эле, комент бере бересинерби, бул киши жон гана бийликтин курмандыгы, (урматту админ тузотту деген шылтоо менен анча мынча жерин кыркып койбой туз чыгарыныздарчы сураныч)
+1
Siuz
2015-03-11 01:00:10
Bexa9595,Кукула эмес,кукла. сенарий эмес,сценарий.
+2
Ariet7
2015-03-11 01:30:05
Siuz, печка эмес пешка де
0
emirhan
2015-03-11 02:04:42
Siuz, Ariet 7 , акылдуу болбой калгыла эмне экен анча мынча ката кетсе балким Bexaнын козу начар корот чыгаар
0
ALINKA95
2015-03-11 12:45:16
Откондо эле, тазалыктан эчкимисин тааныбайт экен, пара Берген эмес деп жазышты элего. Айтканын кылбай койгонго кайра ишин козгогонго Караганда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан