"Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөсү
Замир Көчөрбаев Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта аталган кыймылдын мүчөлөрү билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, З.Көчөрбаев өз кыймылы менен өткөн жылдын декабрь айынын соңунда Бишкек шаарындагы "Таатан" соода борборунун жанында жайгашкан караоке-клубду сойкукана деп атап, аны өзүм билемдик менен текшерүүгө алгандыгы үчүн кармалды.
Айта кетсек, аталган факт боюнча "ээн баштык" жана "тоноо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.