Кызматкерлерин иштен мыйзамсыз айдаган 18 чиновниктин аты аталды, тизмеде Мелис Турганбаев, Турсунбек Акун бар

Мамлекеттик кызматкерлерди иштен мыйзамсыз бошоткон мамлекеттик кызматтагы 18 жетекчинин аты аталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта парламент жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев билдирди. Анын айтымында, тизмеде төмөнкүлөр бар:

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров;

Мурунку билим берүү жана илим министри Канат Садыков;

Мурунку эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов;

ИИМдин мурунку башчылары Зарылбек РысалиевШамиль АтахановАбдулда Суранчиев, учурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев, облустук ички иштер түзүмдөрүнүн жетекчилери;

Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов;

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин учурдагы директору Сабир Атажанов;

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун;

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бактыбек Аширов жана башкалар.

Депутаттар бул тизмеге кирген чиновниктерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан