Талас облусунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 39 жаштагы Талас шаарынын жашоочусунун үйү текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында мыйзамсыз сакталган АК-74 автоматы жана ок-дарылар табылган. Бул боюнча жүргөн иликтөө иштеринде табылган автоматтын 2010-жылдагы Апрель окуяларында жоголуп кеткени белгилүү болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.