Жогорку Кеңеш 11-мартта "КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Долбоорго ылайык, таштандыларды атайын челектерге таштабай көчөнү булгаган же таштандыларды өрттөгөн жарандарга айып пул көтөрүлмөкчү. Айып пулдун өлчөмү 2000 сомго чейин көтөрүлө турганы айтылды.
Демилгечи депутат Майрамбек Расуловдун калдыктарды көчөлөргө таштагандыгы үчүн айып акыларды киргизүү көпчүлүк өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатканын айтты.