Адис: "Балдарга алимент чектеткендей эле карылардын да балдарынан алимент чектирүү укугу бар, бирок бул мыйзам иштебей жатат"

"Балдарга алимент чектеткендей эле карылар да балдарынан алимент чектетип алганга мыйзам жол берет. Бирок бул мыйзам иштебей жатат". Бул тууралуу бүгүн, 11-март күнү коомчулукта зордук-зомбулукту болтурбоого арналган талкуунун жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекеменин жетекчиси Эркингүл Абдылдаева билдирди. Анын айтымында, акыркы учурда балдардын улгайып калган ата-энесине болгон мамилеси көңүл жылытарлык эмес.

“Менин тажрыйбамда атасынын же энесинин колу-бутун байлап бизге таштап кеткен учурлар болгон эмес. Бирок карылардын өз үйлөрүнөн качкан, “андан көрө карылар үйүнө барып аман-эсен жашайын” деген учурлар көп болууда. Кыргыздарда качан эле беш баласы бар ата же эне карылар үйүнө барчу эле? Акыркы учурда балдары чет өлкөгө иштегени кетип, карылар багылбай же акчалары жок ачка калган учурлар болуп жатат. Ушундайлардан мыйзам түрүндө алимент чектетип алса болот. Муну көбү билишпейт. Буга кошумча жумушсуздук, ичкилик, мунун баары коомдун аярлуу катмарынын жабыркашына алып келип жатат”,- деди Абдылдаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
azizarasuli
2015-03-11 19:12:51
Тан калыштуу мыйзам го. Биринчи жолу угуп жатам. Пенсия бербей эми ушуну ойлоп табыштыбы?
0
Azura
2015-03-11 23:18:08
azizarasuli, бул башынан эле бар...
0
Nursultan.m.n
2015-03-11 20:26:54
туура эле мен колдойм
0
aslan_akjol89
2015-03-12 07:35:27
Бир ата 10 баласын бага алат,а ошол 10 бала жалгыз атасын бага алышпайт.Эхх,менин атам тируу болгондо...((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан