Бүгүн, 11-мартта Минск шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Эскерүү эстафетасы” эл аралык акциясы старт алды. Аталган эстафета Бишкекке 27-мартта берилет. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, акциянын алкагында Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
“Эскерүү эстафетасы” Баку, Кишенёв, Ереван, Дүйшөмбү, Москва жана Астана шаарларында өткөрүлөт.
КМШ мамлекеттеринин парламентчилери катыша турган акция Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын колдоосу астында болот.
"Бардык шаарлардан Санкт-Петербург шаарына Өчпөс оттун бөлүкчөлөрү жеткирилет. Быйыл 16-апрелде Таврика сарайындагы КМШ ПААнын штаб-квартирасында салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү шериктештиктин биримдигин символдоштуруучу Өчпөс оттун бөлүкчөлөрүн бир отко бириктирет",- деп маалымдалды.