Жогорку Кеңеште кыргыз өлкөсү менен Омандын кызматташтыгы талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров 11-мартта Оман Султанатынын кыргыз мамлекетиндеги элчиси Саид бин Мохаммед аль-Барами менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Оман Султанатынын ортосундагы кызматташтык талкууланды. Тараптар кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара алакаларды өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелерине токтолушуп, туризмди жогорулатуу менен инвестицияларды тартуу маселелери боюнча пикир алышты.

Вице-спикер элчинин көмөгү астында кыргыз-оман мамилелери жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарына үмүт артарын билдирсе, элчи өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана парламенттер аралык кызматташууну бекемдөөгө бар аракетин жумшаарын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан