Жогорку Кеңештин депутаттары
Наталья Никитенко менен
Ирина Карамушкина 11-мартта Улуу Британиянын адам укуктары боюнча эксперти
Билл Боуринг менен жолугушуп, адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушу, диний коопсуздук, терроризмге каршы күрөшүү тууралуу пикир алышты.
Никитенко парламенттик демократия жолундагы өлкө катары кыргыз мамлекетине адам укуктарын коргоо жаатындагы ийгиликтерди сактоо жана өнүктүрүү башкы милдет экенин билдирди. "2010-жылдан тарта биздин өлкө жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун натыйжалуу кепилдиктерин ишке ашыруу багытын белгилеген",- деди депутат.
Карамушкина диний экстремизм менен күрөшүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн күчүн топтоо аракеттери жасалып жатканын айтты. "КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкек шаарында диний экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү маселесине арналган форум өтүп, анда аймактык антитеррордук борборду түзүү демилгеси көтөрүлдү",- дейт Карамушкина.
Боуринг конфессиялар маселесин жөнгө салуу, диний конфессиялар менен өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлгө алуу боюнча мамлекеттик мамиле жаатындагы Улуу Британиянын тажрыйбалары тууралуу маалымат берди. "Англияда да ушундай эле Сирия менен Ирактагы кандуу окуяларга аралашуу көйгөйлөрү бар. Улуу Британия андай адамдарды жарандыктан ажыратуу чараларын көрүүдө",- деп билдирди эксперт.