Борбор калаада баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө кызматкерлерине маңзат сатуу менен алектенген жаран тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө баңгизат сатып жаткан жеринен шаардын тургуну кармалды. Аны кармоо учурунда чөнтөгүнөн бир нече кутучага салынган гашиш табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголду.