Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында бийик тоолуу айылдардын тизмесин тактоо маселеси көтөрүлдү. Депутат
Мирлан Бакиров тизмени тактоо тапшырмасы 2 жыл мурун берилгенине карабай, иш аяктабай жатканын айтты.
"Тизмени тактабасак бюджеттин чыгымы ысырапкорчулук менен иштетилиши мүмкүн. Анткени тизмеге туура эмес кирип калган айылдар бар, тескерисинче, шарты туура келип, бирок тизмеге кошулбай калган айылдар бар. Бул ишти аягына чыгаруу зарыл",- деди депутат.
Маалыматка таянсак, Социалдык фонддун тизмесинде учурда бийик тоолуу деп эсептелген 338 айыл бар.