2010-жылы Июнь окуясында ок тийген милиция кызматкери жардамга муктаж экени айтылды

Бүгүн, 12-мартта парламент жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров 2010-жылдагы Июнь окуясында ок тийген милиция кызматкери жардамга муктаж экенин билдирди. Анын айтымында, укук коргоо кызматкери ишке орношо албай жатат. "4 баласы бар экен, көрсөткөн баатырдыгы үчүн президент аны Эрдик медалы менен сыйлаган. Бирок ага пенсия төлөп берүү маселеси чечилген эмес. Ага жардам беришибиз керек",- деди депутат.
Спикер Асылбек Жээнбеков бул маселени жеке көзөмөлүнө аларын, материалдык жардам берилерин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан