Парламент пайдалуу кен иштетүү тармагы боюнча 3 мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелейт

Жогорку Кеңеш пайдалуу кен иштетүү тармагы боюнча "Кендер жөнүндө", "Инвестициялар жөнүндө" жана "Концессиялар жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү демилгелейт. Бул тууралуу 12-мартта парламент жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорлору жакын арада сунушталмакчы. "Бул өзгөртүүлөр аткезчилик менен күрөшүүгө багытталган. Монголиянын делегациясы менен бул маселени талкуулап, өлкөнүн тажрыйбасы менен таанышып чыктык. Жыйынтыгында аталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн керектигин туура көрдүк",- деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан