Жогорку Кеңеш 12-марттагы жыйынында пенсияны үй-бүлөнүн киреше булагы катары эсептебөө демилгесин жактырды. Демилгечилер жөлөк пул берүү чечими үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин негизинде кабыл алынарын айтышып: "Үй-бүлөлүк кирешеге пенсия кошо эсептелип, көп учурда үй-бүлөлөр жөлөк пулсуз калышчу. Ошентип, айылдарда балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөк пул алыш үчүн пенсия алган ата-энелеринен бөлөк катталып келишкен",- дешти.
Бул мыйзамга президент кол койсо, 2016-жылдан тартып күчүнө кирет.