Кечээ, 27-июнда Ливандын Эн-Набатия шаарында Израилдин аба соккусунан бир адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ливандын коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Өзгөчө кырдаалдар борбору маалымдады.
Улуттук маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, бул Израил тараптан Эн-Набатияга карата 2024-жылдын ноябрындагы ок атышууну токтотуу келишиминен берки экинчи ири аба чабуулу болуп саналат.
Аба соккулары саат 11:00 чамасында башталып, чабуулдар мурдагы Израил аскердик базалары жайгашкан аймактарга — Кфар-Тебнит тоолоруна, Жогорку Набатияга жана Кфар-Ременге багытталган. Бардыгы болуп 15 мүнөттүн ичинде 20дан ашык сокку урулган.
Ливандын премьер-министри Наваф Салам Израилдин бул аракеттерин кескин сындап, аба соккуларын айыптады.