Жогорку Кеңештин депутаттары мурунку башкы прокурор Аида Саляновага жардам берүүдөн баш тартышууда. Тактап айтканда, Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш ишине байланыштуу депутаттык комиссия түзүү боюнча депутат Феликс Куловдун сунушуна каршы чыгышты. Депутаттар төмөнкүдөй пикир айтышууда:"Жүздөгөн карапайым адамдардын укугу тепселенип жатканда Аида Салянова "депутаттык комиссия түзүп бергиле" деп парламентке кайрылды беле? Жок. Эми күйөөсүнө кыйынчылык түшкөндө кайрылып жатканы туура эмес".
"Аида Салянова "менин маселемди карап бергиле" деп арыз жазган жок. Парламентте бул маселени кароого зарылчылык жок".
"Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда бир катар депутаттарга иш козголуп, депутаттык комиссия түзүүгө ошондо Салянова каршы чыккан. Мисалы, Камчыбек Ташиев, Урмат Аманбаева жана башкалар".