
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Такыр-Төр көлүндөгү абалга байланыштуу учурда Алмалуу жана Горная Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жол убактылуу жабык, атайын посттор уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, агып жаткан суу токтоп, коркунуч жоюлгандан кийин тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Жеринде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ (5 кызматкер), 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, №43 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, жергиликтүү бийликтен 2 экскаватор, жалпы 7 техника даярдыкта турат.
Эске салсак, кечээ, 27-июнда болжол менен саат 17:31 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлдүн дамбасы жырылып, суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдардын ортосундагы 1 көпүрөнү алып кеткен. ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссия менен биргеликте жалпы 950 адамды эвакуациялап, убактылуу жайгаштыруучу жайларга (мектеп, мечит, Маданият үйү, интернат үйү) жайгаштырган.