Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперкызматкери Бакай Сыдыгалиевди атып өлтүргөн Александр Сояпин өмүр бою эркинен ажыратылып, мүлкү тартылып алынмай болду. Мындай чечимди кечээ, 12-мартта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мидин Жолдошалиев чыгарган. Бул тууралуу аталган соттун канцеляриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин мамлекеттик айып тагуучулар Александр Сояпинди өмүр бою эркинен ажыратып, мүлкүн тартып алууну суранышкан болчу. А.Сояпин күнөөсүн моюнуна алып, каза тапкан Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнөн жана балдарынан кечирим сурады.
Эскерте кетсек, 14-ноябрь күнү кечинде Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперкызматкери Бакай Сыдыгалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда ок тийип каза тапкан эле. Түрмөдөн качып чыгып, издөөдө жүргөн Александр Сояпинди кармоо учурунда кылмышкер ок чыгарып, оперкызматкерге эки ок тийген.