Тайырбек Сарпашев: "Синоптиктерге ишенсек, быйыл суу былтыркыдан көбүрөөк болот"

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 12-мартта Ысык-Ата, Кемин, Ат-Башы, Нарын, Жети-Өгүз, Тоң, Манас, Кара-Буура, Ала-Бука жана Ноокен райондорунун акимдерин кабыл алып, жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүн талкуулады.

Сарпашев сууну үнөмдүү пайдалануу керектигин белгиледи. "Синоптиктердин божомолуна ылайык, быйыл өткөн жылкыга салыштырмалуу суу көбүрөөк болот. Эгерде сууну натыйжалуу пайдаланбасак, быйыл да суу тартыштыгы болушу ыктымал. Өткөн жылкы кургакчылык бизге сабак болушу керек",- деди Сарпашев.

Биринчи вице-премьер акимдерди райондун келечектүү багыттарын аныктай албаганы үчүн сындап:

“Эмне келечектүү экенин: спорттук зал куруу же ичүүчү таза суу көйгөйүн биринчи чечүү керектигин билбейсиңерби? Алгач ичүүчү таза суу көйгөйүн чечүү керек",- деди. 

“Айыл чарбасын каржылоо-3” долбоору тууралуу сөз болду.

“Былтыркыдай эле 5 миллиард сомдон ашуун жеңилдетилген насыяларды дыйкандарга жана айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүүчүлөргө берүүнү пландаштыруудабыз. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгына гана насыя берилбестен, эми үй канаттууларын жана балык чарбасын өнүктүрүүгө да бериле баштайт",- деди Сарпашев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан