Бишкектеги Тынчтык кең көчөсү менен Түштүк магистраль көчөсүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерде ондон ашуун аттын байланбай ээн жүргөндүгүн көргөн окурмандар 14-мартта
SUPER.KG порталына видеосун жиберишкен.
"Президент өтө турган Түштүк магистралда унаалар катуу ылдамдыкта жүрүшөт. Жылкылардын ээн жүрүшү жол кыймылына тоскоолдук жаратып же кырсыкка кабылса эмне болот?"- деген окурмандын суроосуна Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов: "Малдын катышуусундагы жол кырсыктары боюнча териштирүү иштери жүргүзүлөт. Эгер саат 19:00дөн кийин мал байланбай ээн-эркин жүргөндүгү аныкталса, анда малдын ээси күнөөлүү болот. Бирок айдоочулар жолдон малды көргөндө этияттап жүрүшү керек",- деди.