Бүгүн, 15-мартта коомдук жана мамлекеттик ишмер, акыркы 9 жылда Улуттук Олимпиада комитетин жетектеп келген
Мурат Саралинов менен коштошуу зыйнаты болду. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында орун алган иш-чара маркумдун жакындары, достору, бир кезде чогуу иштеген адамдар, президент
Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси
Фарид Ниязов, биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев, вице-премьер министр
Дамира Ниязалиева, ЖКнын депутаттары, ички иштер министри
Мелис Турганбаев жана башкалардын катышуусунда өттү. 1 саатка чукул болгон иш-чарадан кийин маркумдун сөөгүн жерге берүү үчүн алып кетишти.