Түркмөнстандын борбору Ашхабадда 14-мартта Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөрү аралык комиссиясынын биринчи отуруму өттү. Ага вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган кыргыз өлкөсүнүн делегациясы катышты. Комиссиянын жыйынын уюштурганы үчүн түркмөн тарапка ыраазычылык билдирген Маматалиев: “Бүгүн биз өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүү этабында турабыз. Буга байланыштуу өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин башталышы менен алдыга чоң үмүттөрдү коюп жатабыз”,- деп билдирди.
Өкмөттүн билдиришинче, жыйында отун-энергетика комплекси, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим, социалдык өнүгүү, миграция, транспорт жана башка тармактар боюнча кызматташууга тийиштүү маселелер каралды.
Туризм жана кинематография жаатындагы мамилелер тууралуу да пикир алышуу болду.