Бүгүн, 16-мартта борбор калаада жана Чүй облусунда массалык түрдө кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу бүгүн, Республикалык эмдөө борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндөн тарта 28-мартка чейин эмдөөдөн 1 жаштан 20 жашка чейинкилер өтмөкчү. Андан соң эмдөө апрель айынан тарта этап-этап менен өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлмөкчү. Ага жалпысынан апрель айына чейин 1,7 миллион доза алынып келинери маалым.
Айта кетсек, 12-февралда кызамыкка жана кызылчага каршы 840 миң доза вакцина, башкача айтканда, 2835 килограмм салмактагы эмдөөчү каражаттар ЮНИСЕФ аркылуу алынып келинген. Маалыматка караганда, учурда аталган вирусту жуктуруп алгандардын саны 5700дөн ашкан.