Баткен
районуна караштуу Кара-Булак айыл аймагында унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа жолунда Ауди-80 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Бактыга жараша, бул кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.