"Спорт Ордосунда жарылуучу зат катылган" деген маалыматты билдирген жаранды издөө иштери уланууда

Спорт Ордосунда 14-март күнү өтүүчү эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өтүү маалында "жарылуучу зат катылган" деген маалыматы билдирген жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.
"Жарылуучу зат катылган" деген маалымат боюнча Спорт Ордосунда адистер тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн, бирок эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Учурда мындай маалыматты милиция кызматына билдирген жарандын өздүгүн тактоо иштери уланууда. Ал жаранды табуу үчүн бардык тиешелүү мекемелер тартылган",- деди Б.Сейитов. 
Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган билдирүүнү билдирген жаран шаардык телефондон чалган. 
Эске салсак, 14-март күнү "жарылуучу зат катылган" деген маалыматтан улам Спорт Ордосунда өтчү мелдеш 15-мартка саат 12:00гө жылдырылып, чогулган эл зорго таратылган болчу. Мелдешти көрүү үчүн келген күйөрмандар 2 саат убакыт сыртта күтүп турушуп, андан соң милиция кызматкерлери алардан тарап кетүүнү суранышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан