2015-жылдын 1-январынан 11-мартына чейин өлкөдө "кызамык оорусун жуктуруп алган" деген шек менен 11 156 адам катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч күн сайын өсүүдө. Буга байланыштуу өлкө боюнча 1 жаштан 20 жашка чейинки жарандар үчүн кызамык менен кызылчага каршы эмдөө башталды. Биринчи этапта 16-марттан 28-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 7-20 жашка чейинки тургундар эмделет.
Экинчи этапта эмдөө апрель айында Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында өткөрүлөт.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2013-жылы дүйнө жүзү боюнча кызамык илдетинен 145 700 адам каза болгон.