Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары жайгашкан жердеги тосмолорду алдыруу демилгесин парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 16-мартта артка жылдырды. Буга президенттин парламенттеги өкүлүнүн өтүнүчү себеп болду.
Эскерте кетсек, буга чейин парламент жыйындарынын биринде депутат
Данияр Тербишалиев "Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары жайгашкан жердеги көл жээги 100 метрге чейин тосулбай, жергиликтүү жашоочулар эркин кирип-чыгып турууга укуктуу" деген пикирин
айткан.
Депутат бул маселе боюнча көл жээгиндеги пансионаттардын ээлери менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы пикир келишпестиктер токтобой жатканын билдирген.