Азыркы тапта кызамык оорусунан жабыркаган 658 адам ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-март күнү кызамык жана кызылчага каршы улуттук эмдөөнүн башталыш программасына арналган маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын айтымында, 10 498 адам тиешелүү дарылануудан өттү.
“Вакцина Индияныкы. Учурда 840 миң доза алынып келинди. Айта кетсек, кызамык илдети 2014-жылдын май айында Казакстандан келген. Чүй облусуна туугандарыныкына конокко келген коңшу өлкөнүн жарандары ооругандыгы аныкталган”,- деди министр.